Оңдоо иштерине карата Улуттук госпиталдын айрым бөлүмдөрү жабылды

Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын бөлүмдөрү капиталдык оңдоодон өтөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, мекеменин бир катар бөлүмдөрү бүгүн, 24-августта жабылды. Оңдоо иштерине бюджеттен 70 миллион сом каралып, госпиталдын нейрохирургия, нейротравматология, эндокринология, гастроэнтерология, жандандыруу бөлүмдөрү жана кабылдамасы капиталдык оңдоодон өтөрү айтылды. "Буга байланыштуу койкалардын саны кыскарат. Мурда бөлүмдөр 30-35 койка менен иштешсе, эми алардын саны 20га түшөт. Мындан башка дагы бөлүмдөрдө оңдоо иштери жүрөт жана бейтаптар жатчу орундар кыскарат",- деп айтылат маалыматта.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан