Бишкекте интернет-клубдун жумушчулары курулуштан чыккан таштандыларын көк майсаңга чыгарышкан. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Санитардык-экологиялык инспекциянын өкүлдөрү кезектеги рейддин жүрүшүндө Жунусалиев көчөсү-7/1 дарегинде жайгашкан клубдун өкүлдөрү оңдоп-түзөөдөн чыккан курулуш таштандыларын жол четине таштап коюшканын аныктаган.
Жыйынтыгында, Административдик кодекстин 488-беренесине ылайык, СЭИнин кызматкерлери жогорудагы компьютердик клубдун ижарачысы К.Рысбековдун атына протокол түзүштү. Иш Октябрь райондук администрациясынын кароосуна жөнөтүлдү.