Унаа ташуучулар бажы алымынын кымбатташы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөндүгү үчүн өкмөткө нааразы

Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүгө чейин өкмөт оор жүк ташуучу унаага болгон бажы алымынын кымбатташы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта маалымат жыйынында унаа ташуучулардын бири Астафа Жумаканов билдирди.
Анын айтымында, учурда жалпысынан 400гө жакын унаа Кыргыз Республикасынын аймагына кире албай жатат. "Мындан улам мамлекеттин бюджетине 2 миллион доллар түшпөй калууда. Өкмөт унаа ташуучулардын абалын түшүнүп, унааларды 2015-жылдын 12-августуна чейинки тарифтер менен өткөрүүгө уруксат беришин суранабыз. Тиешелүү мамлекеттик мекемелер унаа ташуучуларга жаңы тарифтер тууралуу так маалымат бербегендигинен 200дөй жеке ишкер унаанын кыймылдаткычынын бир куб сантиметри үчүн 0,5 доллар эмес, 1 евро төлөөгө милдеттүү. Бул көрсөткүч эски тарифке салыштырмалуу 220 пайызга жогору",- деди Жумаканов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан