"Айрым унаа ташуучулар жол тосуп, митингдерди өткөргөнү жатышат, бирок биз буга каршыбыз" дейт жеке ишкер

"Оор жүк ташуучу унааларды Европадан Кыргыз Республикасына импорттоо менен иштеген жеке ишкерлер өкмөткө нааразы болуп, митингдерди өткөргөнү жатышат, бирок биз буга каршы чыгып жатабыз",- деди бүгүн, 24-августта унаа ташуучулардын бири Астафа Жумаканов.
Анын айтымында, көптөгөн жеке ишкерлер банктардан ири көлөмдөгү насыяларды алып, кутула албай калышы мүмкүн. "Биз бул маселени саясатташтыруудан алыспыз. Айрым күчтөр мындан пайдалангысы келип жатат. Биз өкмөттөн сатылып алынган оор жүк ташуучу унааларды 2015-жылдын 12-августуна чейинки тарифтер менен өткөрүүнү суранып жатабыз. Өкмөткө тиешелүү кат жөнөтүлгөн. Учурда биз жообун күтүп жатабыз",- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан