Нуржанбек Токтогуловдун жубайы Омардын үй камагына чыгышына нааразы

"Алдамчылык" беренеси боюнча айыпталып жаткан ырчы Омар үй камагына чыкса, жолдошум Нуржанбек Токтогулов камакта отурат. Бул адилетсиз жагдай",- деди бүгүн, 24-августта Н.Токтогуловдун жубайы Сагынбек кызы Перизат.

Анын айтымында, Омар боштондукка чыгып, массалык маалымат каражаттары аркылуу Н.Токтогуловду каралап жатат. "Коомчулук бир тараптуу гана маалыматты угуп, туура эмес пикирде болууда. Чындыгында, Омар биздин үй-бүлөбүз менен абдан жакын болгон. Үйүбүзгө тез-тез келип турчу. Омардын эч кандай жүрөк оорусу болгон эмес. Ал сотко чакырылгандан кийин ооруканадан тиешелүү маалымдама алып, үй камагына чыгып кетти. Ал эми эки баланын атасы, жолдошум Нуржан Токтогулов камакта отурат",- деп нааразычылыгын билдирди Перизат айым.
Мындан тышкары ал "соттук отурум жүрүп жатканда Омардын тарапташтары соттун алдында митинг уюштуруш үчүн ар бир катышуучуга 500 сомдон таратышкан" деген оюн угузду.
Айта кетсек, ырчы Омар 27-июль күнү кармалган. Ал “Нуржанбек Токтогулов аттуу таанышы менен бирге ишкерден 40 тонна төө буурчак алып, акчасын берген эмес” деп айыпталууда.

28-июль күнү Талас райондук соту Омардын баш коргоо чарасын карап, соттун чечиминин негизинде ал бир айга камакка алынган. Чечим чыкканда ырчынын ден соолугу начарлап, “Тез жардам” кызматы аркылуу Талас облустук ооруканасына жеткирилген. 3-августта Талас облустук соту ырчы Омарды эч жакка кетпөө тил каты менен камактан бошоткон.

Нуржан Токтогуловдун жубайы Омардын үй камагына чыгышына нааразы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Cho
2015-08-24 16:51:25
Омар кудайдан коркпогон адам экен кудай бар баарын коруп билип турат Аллахым озу таразалайт
+1
dina
2015-08-24 16:57:25
Ырчылардын мындай суроттору коп эле уйдо бар болсо керек, айылга ырчы келсе суротко тушуш керек деген нерсе бар), эми ырчылар бироолор менен суротко тушкондон да сактанып калышат го)
0
karona12
2015-08-24 17:38:08
Омардын атын сатып, ала турганын алып алып анан бир нерсе деп койчу деп суранган болсо дагы не керек,ойунда Омар куткарат деп ойлоп ататда, жебеген самсага кимдин акча тологусу келет. Ар кимдики озуно,ай корунот козуно болуп атат да,жакшы журналист жээни бар экен кобурок жамандап турушат.
-1
Drongo
2015-08-24 18:40:20
"Кыргызстаным"-деп Кыргызстанды даназалап ырдаган Омардын"алдамчылык"кылды дегенине эч качан ишенбейм."Ак ийилет,бирок сынбайт".Ал эми Токтогуловтун жубайы,мисирейип мистейген жузундо бир жылуулугу жок пенде экен.Мындай адамдар оз кызыкчылыгын кана коздошуп,караниеттик кылуудан кайра тартпайт.Омарды билип-билбей жамандап,аброюуна шек келтирип комментарий жазгандарга соз жок."Сынчынын сынар отугу майрык"-дегендей,ар бир адам оз жашоосун жакшы билсин Жараткандын алдында куноого батпай.
-2
Nur.88
2015-08-24 18:52:36
Азыкы кундо биро бироого ишениш кыйын, бир гана кудай билет эмне болгонун.
0
karona
2015-08-24 20:07:00
Биз аны-муну суйлоп кала беребиз, кудай билет жана куноолууну озу жазалайт.
0
jenibek
2015-08-24 22:23:44
omardy taanysanar suylogulo.ozdorunorcho shalaktabay.men en jakyn taanyshy bolom.al ech kanday akcha algan emes
-1
jenibek
2015-08-24 22:25:10
sot oturumunda fasoldu bergen adamga sot omardy murun taanychy belen korushkon belen dese jok korgon emesmin dep joop berdi
-1
jenibek
2015-08-24 22:25:45
sen korboy turup biroogo karyz beret belen
0
aravanis82
2015-08-24 22:26:22
эээй тегеле койгулачы ушул баланы булда кыргыздын бир баласы кечиримдуу болгула Ала тала разы болсун
0
jenibek
2015-08-24 22:27:18
fasol bergen kishi menen Нуржанбек Токтогулов menen tuugan bolot taykesi menen jeeni.fasoldu bergen taykesi
0
jenibek
2015-08-24 22:27:43
ishenbesener iliktegile
0
aiturgasha
2015-08-24 23:11:30
2 баламдын атасы камакта отурат деп даттаныптырго. бироону алдаса отурат да анан. кылмышы учун жооп берсин. баласы барлар камакта отурса болбойт да бойдок Омар камакта отурса болобу не??
досун саткан адам депсинер, не деп сатты? болгонун болгондойле айтып ататго. досу озу ошого мажбур кылды и озу да тан алды. ким кылмыш кылса ошо жазасын алсында кыскасы
+1
jasgul
2015-08-25 10:09:21
баарыбыз эле бири бирибизге банктан насыя алганда поручитель болуп журбойбузбу, эгер толой албаса толоп берууго макулмун деп. Мына ошол сыяктуу корунуш болгон го сыягы. Ошондуктан ойлонуп анан кадам жасоо керек болуп калган го боорукердик кылганга. Алганда болушпой, бергени келгенде болушкусу келген го Нуржандын.
0
jasgul
2015-08-25 10:11:00
анын устуно Омар деле Нуржанды тааныбайм деп танганы жок да, атасы деле айтыптыр го келип-кетип жургон эле бала эле деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан