Ош шаарындагы Жол-кайгуул кызматынын жетекчилери кайым айтышкан видео боюнча сөгүш алышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кол алдында кызмат өтөгөн кызматкерлердин кызматын уюштурууда кетирген кемчиликтери, кызматтык милдетти аткарууда үлгү көрсөтө албагандыгы үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматынын башчысы Шайырбек Шакировго, анын орун басары Сапарбек Калыковго жана Ош ШИИБинин Жол-кайгуул милициясынын саркери Шабданбек Ажибеделовго катуу сөгүш жарыяланып, Ош ШИИБинин Жол-кайгуул милициясынын саркеринин орун басары Адахамжан Арабаевге эскертүү берилди.
Айта кетсек, буга чейин интернетке Оштогу жол-кайгуул кызматкерлеринин бири-бири менен кайым айтышып жатканы тууралуу видео тараган болчу. Бул видео боюнча кызматтык иликтөө жүрүп, анын негизинде кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн Жол-кайгуул милициясынын 3 кызматкери жана 1 жол-кайгуул кызматкери кызматтарынан алынган эле.