Кыргыз өлкөсү адам капиталы боюнча 44-орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта КРнын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, Дүйнөлүк экономикалык форум “Mercer” компаниясы менен бирге жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында адам капиталынын индекси боюнча Финляндия биринчи орунду ээлеген. Ал эми Орусия 26, Украина 31, Казакстан 37, АКШ 17, Германия 22-орунга ээ болгон. Изилдөө жалпысынан 124 өлкөдө жүргөн.
Мындай жыйынтык жашоонун деңгээли, сабаттуулук, билим берүү жана башка 46 көрсөткүчтүн негизинде чыгарылган.