Орусияда иштеген өлкөбүздүн 10 500 жараны мигранттардын "кара тизмесинен" чыгарылды

Орусия Кыргыз Республикасынын 10 500 жаранын мигранттардын "кара тизмесинен" чыгарды. Жакынкы күндөрү мамлекетибиздин дагы 40 миңдей жараны аталган тизмеден чыгарылары күтүлүүдө. Бул тууралуу 21-августта КРнын Москвадагы элчилигинин кызматкерлери Орусиянын Федералдык миграция кызматынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда айтылганын SUPER.KG'ге 24-августта КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева кабарлады. 

Кулукеева анда миграция тармагындагы маанилүү суроолор жана ушул жылдын 19-июнунда Санкт-Петербург шаарындагы президент Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановскийдин жолугушуусунда жетишилген миграция тармагындагы келишимдердин ишке ашуу жолдору дагы бир ирет талкууланганын кошумчалады.
"Ошол эле учурда Санкт-Петербургдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2015-жылдын 10-июлунан 1-ноябрына чейин тоскоолдуксуз чыгып-кирүү жана миграциялык тарыхын жаңылап алуу мүмкүнчүлүгүн болгону 7626 жараныбыз пайдаланган. Ошондуктан Орусиянын аймагында жүрүүнүн мөөнөтүн бузган кыргыз жарандары 2015-жылдын 1-ноябрына чейин тоскоолдуксуз кирип-чыгуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып алуусун суранып, элчилик кайрадан мигранттарга кайрылат. Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган кыргыз жарандары Орусиянын Федералдык миграция кызматынын расмий сайтынан өздөрүн текшерип алышса болот",- деди Кулукеева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
kama_future_millioner
2015-08-25 01:09:30
Жакшыгоо элибизге кичине болсода жардам болуптур
+1
Rashinboy
2015-08-25 01:42:36
Ооба, буюрса мен да октябрда Бишкекке кирип чыгам уч кунго.
0
chika-chika88
2015-08-25 03:37:02
Мен дагы сентябрьайында Ошко 4кунго, аллахым буйруса
+1
sezim_osmonalieva111
2015-08-25 06:57:21
Черный списогдо чыкпай,бирок Россияга кире албай жаткандар барбы))Мен ошондой болуп жатам,ФМСтин сайтынан озуму жуз жолу текшерсем да жокмун,анан 2 жолу билет алып озуму сынап кордум бирок аэропорттон кайтып келдим кире албай
+1
uulay
2015-08-25 08:32:48
sezim_osmonalieva111, ооба менин жолдошум дагы сиздей болуп эки жолу аеропорттон кайтты.Сиз бир эле УФМСте эле эмес фСБ,пограничниктерде да болот экенсиз.ФМС чыгаргандан кийин шашпай башкалары чыгарат. Азырак сабыр кылын,буйруса киресиз.Куйоом 5айдан кийин кирди РФкее
0
sezim_osmonalieva111
2015-08-25 22:59:40
uulay,рахмат,айтканыныз келип мен да кирип калайын РФга..Жолдошунуз кантип кетти,кантип чыкты ФСБ дан?Мен келгениме уже бир жыл болду да
0
nazi8889
2015-08-25 07:58:53
оа бар менин сиңдим сизге окшоп аэропорттон кайтып кеткен үйгө ал да ар канча жолу текшерген болчу
0
kursantbek
2015-08-25 08:24:02
менда чыкпайтам чёрный списоктон озу кимдер чыгыптыыр ???
0
murat88
2015-08-25 08:29:41
Сезим Осмоналиева мен да сиздей болуп кете албай жатам ФМСтен текшертсем жокмун муну кандай кылып тактаса болот билгендер болсо жазып койгулачы
0
nurik2103
2015-08-25 08:54:00
Чыккандар болсо жазып койгула, ишенип калайлы
0
tasnim
2015-08-25 08:59:39
Достор мен сайтан текшерсем чыгып атам анан жолдошум Москвадан текшертсе таза чыгып атат дагы кайсы жерлерге барып кайрылсак болот
0
Krasnoyrsk124
2015-08-25 09:08:49
tasnim, келебериниз таза болсо
+1
nurik2103
2015-08-25 10:25:41
tasnim, куттуктайм
0
advokatt1990
2015-08-25 10:27:06
кайсы жерден текшертсе болот экен чыгып, чыкпаганын?
0
baba.
2015-08-25 10:50:01
Менин атамда эч эле чыкпай калдыго...бирок агаларым Кыргызстандан келишти Москвага жакында.Аларда черный списокто болчулар чыкканы туура эле туугандар.
0
nurbiyke2014
2015-08-25 11:08:57
baba., агаларыныз ЧСдан чыккандан кийин барыштыбы Москвага ?
0
Krasnoyrsk124
2015-08-25 11:50:12
baba., мен границага чыгып келдим 22-августта жакшы эле отуп келдим ал жерде штрафыны гана сурайт экен, 2 жылдан бери эми чыктым, баарына ийгилик...
0
Gulya.akbaralieva
2015-08-25 15:45:32
baba.,Украинага кирди чыкты кылыныз. ал жакта автобус менен отсо баары жакшы. а черный списоко киргендер чыкпайт экен украинадан департ кылды бир баланы
0
kirgizstan
2015-08-25 15:56:14
Черный списоктон чыккандарды аты жондорун бир сайт ачыппы жазсалар болбойбу
0
aikankushtar
2015-08-25 17:39:54
ФМСтин сайтынан эле текшеруу керек бар же жок экени билинет.ФМСте жок болуп аэропорттон кайтканынар ФМСке данныйды киргизип жатканда туура киргизиш керек 1 тамгасында озгортпой нац паспортту загран паспорт дебей отто кылдат текшериш керек туурасы чыгат
0
sezim_osmonalieva111
2015-08-25 23:07:04
aikankushtar,андай эмес,мен озуму аябай коп жолу текшергем,бирок кайтып келдим аэропорттон.ФМСтин сайтына киргизбейт экен баарын
0
Tima1986
2015-08-29 10:55:03
Туура айтасынар кара тизмеден кимдер чыкканын списогун берсенер жакшы болмок ато Ким чыкканын билбей атабыз фмстен текшерсек таза чыгып атат
0
Tima1986
2015-08-29 21:07:30
Админ жардам берип койунузчу окмотко же жогору жакка кантип кат жонотсом болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан