Быйылкы ажылык сапарына бара турган зыяратчылардын алгачкы тобу Ош шаарынан Меккеге бүгүн, 25-августта жөнөп кетет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Ал эми Бишкек шаарынан алгачкы каттам 27-августта учат. Зыяратчылардын акыркы тобу 11-сентябрда учмакчы. Зыяратчылар ажылыктын шарттарын аткарып бүткөн соң, 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин өз мекенине кайтып келишет.
Эскерте кетсек, быйыл Сауд Арабиясы Кыргыз Республикасына 3685 квота бөлгөн.