Кадамжай районунда 2 адам сибирь жарасына күмөндөлүп ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 11-август күнү Чекелик айылынын 1958-жылы туулган тургуну Исмат Алибаев талаада Наргиза Мойдунованын торпогун сойгон. Ал эми 17-август күнү Исмат Алибаев жана Наргиза Мойдунова сибирь жарасына күмөндөлүп Кадамжай аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.
Ош шаардык санэпидемкөзөмөл борборунун берген маалыматы боюнча, “сибирь жарасы” деп корутунду берилген. Ветеринардык кызматтын адистеринин корутундусу бүгүн чыгат. Азыркы убакта бейтаптардын абалы жакшы. Жергиликтүү элдин арасында аталган илдет боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.