Бишкекте Жибек жолундагы өлкөлөрдүн товарларынын көргөзмөсү өтүүдө

Бүгүн, 25-августта Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда биринчи жолу Жибек жолундагы өлкөлөрдүн товарларынын көргөзмөсү өтүүдө. Ага Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Грузия, Армения, Украина жана Кыргыз Республикасынын 120дан ашык компанияларынын өкүлдөрү катышууда. Жарманке эки күнгө созулуп, андан электр товарларынан тарта бут кийим жана тамак-аш азыктарына чейин табууга болот. Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана КРнын Соода-өнөр жай палатасынын демилгеси менен ишке ашууда. Уюштуруучулардын айтымында, жарманкеге жалпысынан 1000ден ашык адам келери белгиленген, ал эми катышуучулардын саны 5000ден ашат. Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен ачылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан