Чоң-Алайда жоголгон чек арачы табылбай жатат

Мамлекеттик чек ара кызматы Оштогу "Кара-Мык" чек ара тозотунун жоголуп кеткен аскерин издөөнү улантууда. Буга чейин анын 23-августта колундагы куралы менен качып кеткени маалымдалган эле. Бүгүн анын адашып кеткенин маалымдады мекеме. 
"Жоокер Чоң-Алай районундагы Бок-Башы ашуусу аймагында кызматтык милдетин өтөп жүргөн. Ошол күнү аймакта катаал аба ырайы өкүм сүргөн: кар аралаш жамгыр жаап, туман каптаган. Издөө жүрүп жаткан аймакка Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын орун басары Абдикарим Алимбаев келип, издөө иштерин жетектеп жатат. Издөөгө алынчу аймак кеңейтилди жана жоокерди табууга жергиликтүү тургундар да тартылды. Окуя боюнча Тажикстандын Чек ара кызматына да маалымат берилип, алар өз аймагында издөө иштерин жүргүзүүдө",- деп айтылат маалыматта. 
Факт боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги териштирүү жүргүзүп жатканы маалымдалды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AiBoru
2015-08-25 12:47:04
Кудай ай, аман эле табылып калсын. Ата энеси да бир айдан кийин уулум келет деп кутуп жатса умуту акталып жоокерибиз табылып калсын.
Тажик менен чектеш жер болсо бираз кооптуу экен....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан