Жыл башынан бери “капиталдык салымдар” боюнча 2,4 миллиард сом каржыланды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бөлүнгөн каражаттардын басымдуу бөлүгү билим берүү объекттерин курууга жумшалган (1,2 миллиард сом). Ал эми саламаттык сактоо объекттерин курууга 161,2 миллион сом, маданият жана спорт объекттерин курууга 54,9 миллион сом, жолдорду жана көпүрөлөрдү курууга 474 миллион сом бөлүнгөн.