Ош шаарында Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлеринин ортосундагы чыр-чатак боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта маалымат жыйынында ИИМдин башчысынын биринчи орун басары Нурбай Касымбаев билдирди.
Анын айтымында, 2015-жылдын 23-август күнү интернетте “Шефтин уулун кармаган ДПС уят сөгүш укту” деген аталышта тараган тасмадагы кызматкерлер Ош шаардык ИИБинин Жол-кайгуул кызматынын ага тескөөчүсү, милициянын майору Жеңиш Жумашов, милициянын атайын жол-кайгуул ротасынын ЖККнын тескөөчүсү, милициянын старшинасы Шакирбай уулу Иса, милициянын атайын жол-кайгуул ротасынын милиционерлери, милициянын старшинасы Шумкарбек Чотонов, милициянын сержанты Акбарали уулу Данияр экендиктери такталды.
"23-августта Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн кесилишинде жогоруда аталган кызматкерлер өздөрүнүн кызматтарын аткарып жатышкан. Ал жерде алдынкы айнектери караңгылатылган Тойота Авенсис үлгүсүндөгү автоунаа башкаруу эрежесин сактабаганы үчүн токтотулган. Текшерген учурда айдоочусу өзүн Чыңгыз деп тааныштырып, айдоочулук күбөлүгү жок экендигин жана милиция кызматкеринин уулу болорун билдирген. Ош шаардык ИИБинин милициянын атайын жол-кайгуул ротасынын кызматкерлери ага протокол түзүп, автоунаасын ЖККнын айып жайына токтотушкан. Жол эрежесин бузган Чыңгыз аттуу айдоочу милициянын майору Ж.Жумашовдун уулу болгон",- деди Касымбаев.