"Жол-кайгуул кызматкерлеринин өздүк унаалары менен жумушка чыгууга укуктары бар. Бирок биз тыюу салганбыз",- деди бүгүн, 25-августта маалымат жыйындын жүрүшүндө ички иштер министринин биринчи орун басары Нурбай Касымбаев.
«Кээ бир инспекторлор өздүк унаалары менен жумушка чыгып жаткандыгын айдоочулар айтышууда. Белгилүү болгондой, Жол-кайгуул кызматында кызматтык унаалар жетишсиз. Мындан улам бул маселени чечүү үчүн кызматкерлердин өздүк унааларына атайын белги коëбуз. Ал жумуш убактысына гана берилет. Мисалы, 8 саат иштесе, ошончо саат гана белги менен кызмат өтөй алат»,- деди Касымбаев.