Ошто жол-
кайгуул кызматкерлеринин ортосундагы чыр-чатак боюнча иликтөөнүн
жыйынтыгы чыгып, ага ылайык 14 милиция кызматкери тартиптик жазага тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта маалымат жыйынында ИИМдин башчысынын биринчи орун басары
Нурбай Касымбаев билдирди.
Анын айтымында, Ош шаардык ИИБинин Жол-кайгуул кызматынын жетектөө боюнча ага тескөөчүсү, милициянын майору Жумашов Жеңиш Токтобаевичтин атайын наамы бир тепкичке төмөндөтүлүп, ички иштер органдарынын кызматынан бошотулду. Ошондой эле:
- Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын милициянын атайын жол-кайгуул ротасынын (мындан ары -
МАЖКР) ЖККнын тескөөчүсү, милициянын старшинасы Шакирбай уулу Исага;
- Ош шаардык ИИБинин МАЖКРнын КККнын милиционери, милициянын старшинасы Чотонов Шумкарбек Момуновичке;
- Ош шаардык ИИБинин МАЖКРнын КККнын милиционери, милициянын сержанты Акбарали уулу Даниярга кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү тартиптик жазасы жарыяланды.
Мындан тышкары өздөрүнүн кызматтык функционалдык милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн:
- Ош шаардык ИИБинин башчысы, милициянын полковниги Жолдошев Кылычбек Нурмаматовичке сөгүш тартип жазасы жарыяланды.
- Ош шаардык ИИБинин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Зулимов Шакир Мулашовичке катуу сөгүш жарыяланды.
- Ош шаардык ИИБинин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Дыйканов Бакыт Ашырбековичке катуу сөгүш жарыяланды.
- Ош шаардык ИИБинин ЖККБнын башчысы, милициянын подполковниги Шакиров Шаирбек Шакировичке кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү тартиптик жазасы жарыяланды.
- Ош шаардык ИИБинин милициянын атайын жол-кайгуул ротасынын командири, милициянын капитаны Ажибеделов Шабданбек Алмаматовичке катуу сөгүш жарыяланды.
- Ош шаардык ИИБинин ЖККБнын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Калыков Сапарбек Ашировичке катуу сөгүш тартиптик жазасы жарыяланды.
- Ош шаардык ИИБинин милициянын атайын жол-кайгуул ротасынын командиринин орун басары, милициянын ага лейтенанты Арабаев Адахамжан Маматисаевичтин кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү кызматтык тартип жазасы бар болгондуктан, ошону менен ал чектелген.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын Тартиптик жобосунун талаптарын бузгандыгы, ал кол алдындагы өзү кураторлук кылган кызматтардын ишин толук деңгээлде уюштурбай, өздөрүнүн функционалдык милдеттерин так алып барбагандыктан, кол астында иштеген кызматкерлерге кызматтык милдеттерин аткарууга карата эрктүүлүк жана ишкердик сапаттарды калыптандырбагандыгы, уюштуруу жана жетектөөчү таасирлеринин, ошондой эле тарбия иштеринин төмөндүгү үчүн:
- Кыргыз Республикасынын ИИМинин ЖККнын ишмердигин координациялоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Барпиев Талантбек Айткуловичке катуу сөгүш тартиптик жазасы жарыяланды;
- Кыргыз Республикасынын ИИМинин ЖККнын башчысы, милициянын полковниги Дьяченко Сергей Федоровичке жана анын орун басары, милициянын полковниги Саркулов Ыманалы Кадырбаевичке ар бирине сөгүш тартиптик жазалары жарыяланды.
3) Кыргыз Республикасынын ИИМинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча ББнын башчысы, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковго мындан ары жогоруда көрсөтүлгөндөй жагдайларга жол бербөө боюнча өздүк курам арасында талкууга алып, тиешелүү тарбиялык жана профилактикалык иш-чараларын күчөтүү жана көзөмөлгө алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды уюштуруусу катуу эскертилди.