25-августка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 404 миллион куб метрге жетти. Бул тууралуу “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, агып кирген суунун көлөмү секундасына 566 куб метрге, агып чыккан суунун көлөмү секундасына 170 куб метрге жетүүдө.
2014-жылдын 25-августунда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 697 миллион куб метрди түзгөн.