Акыркы эки жылда 187 жол-кайгуул кызматкери аттестациядан өтө албай жумуштан бошогон. Мындай маалыматты бүгүн, 25-августта журналисттер менен болгон жолугушууда ИИМдин башчысынын биринчи орун басары Нурбай Касымбаев билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн буйругу менен акыркы 2-3 жылдан бери Жол-кайгуул кызматына жумушка алуу сынактын негизинде өткөрүлүп келет.
“2013-жылдын
жыйынтыгы менен 170 кызматкер аттестациядан татыктуу өтө албай жумуштан
бошогон. Ал эми былтыр аталган сынактан 17 кызматкер өтпөй калып, ошондой эле ИИМден
кетирилген. Быйыл болсо бизде 53 бош орун түзүлүп, аларды толуктоо үчүн 17
сынак өткөрдүк. “Министрлик кызматка мыкты инспекторлорду албай жатат”
дегенге негиз жок, бир топ жумуштар
аткарылып жатат. Ошого карабай
бир-эки адам чыгып калат экен, бирок биз колу
таза эмес кызматкерлерди кетирүүгө аракет жасап жатабыз”,- деди орун басар.