Оштогу жол-кайгуул кызматкеринин кесиптешин сөгүп, басмырлаганы тартылган видео боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында бүгүн, 25-августта жыйын өттү. Органдын жетекчиси Кашкар Жунушалиев бөлүмдөрдүн өздүк курамы менен видеодогу жол-кайгуул кызматкеринин жоругун талкуулоого көрсөтмө берди.
Ички иштер министри Мелис Турганбаев тарабынан окуянын башкы каарманы болгон кызматкерди катуу жазалоо чечими чыккан. "Чечим Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан жактырылды. Мындан тышкары жол-кайгуул кызматкерлеринин арасында этика, мыйзамды бузбоо боюнча окууларды көбүрөөк өткөрүү боюнча чечим кабыл алынды",- деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.