Махатма Ганди көчөсүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу айрым кичи автобустардын маршруттук схемасы өзгөрүлдү

Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу айрым кичи автобустардын маршруттук схемасы өзгөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, №145, 175, 180, 270, 218-маршруттагы кичи автобустардын каттамдары Боталиев, Түлөбердиев, Витебск, Школьная көчөлөрүнө, №173, 206-маршруттар Пригородная, Дастан, Мидин, Ленск, Юбилейная, Фучик көчөлөрүнө которулду. Ал эми №281-маршрут Түлөбердиев жана Щербаков, №133, 143, 225-маршруттар Весёлая, Түлөбердиев, Көкчө-Тоо, Тоголок Молдо, Баялинов, №195-маршрут Баялинов, Тоголок Молдо, Көкчө-Тоо, №155-маршрут Түлөбердиев, Витебск, Школьная жана Весёлая көчөлөрү менен жүрөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sake80
2015-08-25 15:46:46
Жолду тосуп алышып бир иштеген киши жокго тездетишпейби 3 айдан бери бутпойт
0
EdikoKG
2015-08-25 18:07:35
Махатма Ганди? Бул инсан ким болгон?
0
admin_portal
2015-08-25 18:09:38
EdikoKG, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме менен өтүп, маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/jylnaama/event/4965
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан