Бишкектеги Ала-Тоо жаңы конушунда мыйзамсыз тургузулган пайдубал сүрдүрүлдү

Бишкектеги Ала-Тоо жаңы конушунда мыйзамсыз тургузулган пайдубал сүрдүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сүрдүрүлгөн пайдубал 2005-жылы белгисиз адам тарабынан тургузулган. Бирок бул жер тилкесине бала бакча куруу пландаштырылган.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаментинин жетекчиси Самарбек Болотбековдун айтымында, шаарда ээси аныкталбаган 95 объект бар.

“Бул ээси аныкталбай сүрдүрүлгөн биринчи объект. Баары мыйзам чегинде болду”,- деди Самарбек Болотбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан