"Макмал" алтын комбинатынын айрым бөлүктөрүндө жумуш 1-сентябрдан 16-октябрга чейин токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта “Кыргыз алтын” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, алтынды иргеп алуу фабрикасы, техникалык көзөмөл жана агрегаттарды көзөмөл-ченөө бөлүмү, жалпы тамактандыруу кызматы, байланыш тилкеси, тигүүчү цех, материалдык-техникалык камсыздоо жана химлаборатория бөлүмү ишин токтоткон. Буга пландалган оңдоп-түзөө жана күз-кыш мезгилине кенди топтоп алуу иштери себеп болгон.