Эртең, 26-август күнү Бишкек шаарынын айрым бөлүктөрүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта “Түндүк электр” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-август күнү Түлөбердиев, Васильев, Леваневский, Волочаев, Долон, Измайловский, Тихвинский, Яблочная, Иртыш, Смоленск, Лагерная, Ракетная, Адыр, Кыргыз көчөлөрүндө "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштери жүрөт. Мындан улам аталган аймактарда электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.