Муфтият. Учурда 1700дөн ашуун зыяратчыга виза алынды

Учурда ажылык сапарына бара турган 1700дөн ашуун зыяратчыга виза алынып, алар өздөрүнүн учуп кетүү рейстерин күтүшүүдө. Бул тууралуу 25-августта муфтияттан кабарлашты. 
Маалым болгондой, 2015-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын өкүлдөрү учурда ажылык сапарына аттанып жатышкан зыяратчылардын документтерин кабыл алышууда. Ошондой эле Сауд Арабиясынын Кыргыз Республикасындагы консулдук кызматы документтери даяр болгон зыяратчыларга виза берип, тиешелүү иштерди аткарууда. 
Быйылкы ажылыктын өзгөчөлүгү - баары электрондук түрдө болуп, зыяратчылардын жатаканасы, тамактана турган жайлары келишимдин негизинде Сауд Арабиясынын Ажылык министрлигинин сайтында электрондук түрдө жайгаштырылып, сайт аркылуу гана тандалып алынмакчы.
Эскерте кетсек, бүгүн Ош шаарынан 200 зыяратчы Сауд Арабиясына тиешелүү учак менен Медина шаарына саат 23:00дө учуп кетет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан