Бишкек шаарында каттоодо турбаган жарандар кошумча шайлоо тилкелеринен добуш бере алышат. Бул тууралуу бүгүн, 25-август күнү маалымат жыйыны учурунда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди.
“Бишкек шаарында каттоодо турбаган 200 миңден ашык жаран бар. Алар кошумча шайлоо тилкелеринен добуш бере алышат. Алсак, бир гана Ак-Жар жаңы конушунда 14 миңден ашык адам биометрикалык маалыматтарын тапшырышкан”,- деди Туйгунаалы Абдраимов.