Ош шаарынан 18 кичи маршруттук каттам, 2 троллейбустук линия жана №2-автобустук каттамдар калаанын четине чыгарылган №2-мамлекеттик автобекет аркылуу өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсү, И.Раззаков жана Салиева көчөлөрү аркылуу келип Манас-Ата аймактык кеңешине токтогон маршруттардын линиялары толугу менен №2-жаңы автобекетке чейин узартылды. Ал эми Ленин көчөсү аркылуу келген маршруттук каттамдарга дагы кошумча жүргүнчүлөрдү ташуучу линиялар уюштурулууда. №2-автобус жана №1-троллейбустук каттамдар да мындан ары жаңы автобекет аркылуу өтмөкчү. Ушул кезге чейин токтоп калган №2-троллейбустук линия да бүгүндөн баштап иштей баштады.
Шаар ичинен автобекетке чейин баруучу кичи автобустардын маршруттук каттамдарынын тизмеси:
№127, №122, №138, №116,
№119, №109, №155, №148, №142, №107 (Достук), №133, №153, №173,
№136
Эскерте кетсек, ушул кезге чейин жаңы автобекет аркылуу 9 маршруттук каттам болгон болсо, мындан ары дагы 9 каттам кошулуп, жалпысынан 18 маршруттук каттам кошумча иштей баштады.
Бүгүн, 25-августтан тарта Ош шаарынын борборунда жайгашкан жеке менчик автобекет шаар сыртындагы мамлекеттик автобекетке көчүрүлдү.