Ажылык сапарына бара турган зыяратчылардын алгачкы тобу Ош шаарынан учуп кетти

Быйылкы ажылык сапарына бара турган зыяратчылардын алгачкы тобу Ош шаарынан учуп кетти. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев катышты. Муфтияттан билдиришкендей, 25-август күнү саат 23:00дө ажылыкка Ош шаарынан жалпы 213 адам жөнөп кетти. 
Ал эми ажылык сапарына Бишкек шаарынан бара турган зыяратчылардын тобу 27-августта жөнөп кетет. Зыяратчылардын акыркы тобу 11-сентябрда учмакчы. Ажылыктын шарттарын аткарып бүткөн соң, 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин өз мекенине кайтып келишет.
Эскерте кетсек, быйыл Сауд Арабиясы Кыргыз Республикасына 3685 квота бөлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан