Алай районундагы селден улам келтирилген материалдык чыгым 580 миң сомду түздү

Алай районундагы селден улам келтирилген материалдык чыгым 580 миң сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 24-август күнү Ленин айыл аймагындагы Согонду айылында катуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Селдин кесепетинен 1,5 чакырым ички чарбалык жол жараксыз болуп, 16 турак үйдүн
короо-сарайларына сел суулары кирген. Анын ичинен 2 үй авариялык абалга келип, 1 үй көзөмөлгө коюлган. Учурда жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан