Кадамжай районунун Чекелик айылында сибирь жарасына каршы эмдөө иштери жүрүүдө

Кадамжай районунун Чекелик айылында сибирь жарасына каршы эмдөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 25-август күнү Кадамжай райондук ветеринардык кызматы 121 баш ири мүйүздүү мал, 10 баш кой-эчкини эмдөөдөн өткөргөн. Ошондой эле мал союлган жерлер хлор, аки таш менен дезинфекцияланды. Ал эми аталган райондогу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан Чекелик айылында түшүндүрүү, оорунун таралуусунун алдын алуу иш-чаралары жүрүп жатат.

Айта кетсек, 11-август күнү Чекелик айылынын 1958-жылы туулган тургуну Исмат Алибаев талаада Наргиза Мойдунованын торпогун сойгон. Ал эми 17-август күнү Исмат Алибаев жана Наргиза Мойдунова сибирь жарасына күмөндөлүп Кадамжай аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан