Бүгүн Бишкекте билим берүү тармагындагы кызматкерлердин Республикалык III съезди болот

Бүгүн, 26-августта Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы кызматкерлердин Республикалык III съезди болот. Иш-чаранын башкы максаты билим берүү тармагындагы актуалдуу суроолорду талкууга салуу жана сунуштарды берүү болуп саналат. 
Чогулуштун жүрүшүндө ошондой эле 2008-жылы өткөрүлгөн II съезддин жыйынтыктары чыгарылып, аткарылган жумуштун канчалык жемиштүү болгону талкууланат. Муну менен катар 2015-2016-жылдарга билим берүү системин өнүктүрүү боюнча багыттар белгиленет. 
Республикалык съездге өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин келүүсү күтүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан