Бишкек шаарындагы М.В.Фрунзенин үй-музейинде “Эгемендүү кыргыз өлкөсү” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, көргөзмөгө 130дан ашык экспонат, фото материалдар, документтер, архивдик маалыматтар коюлат.
Айта кетсек, көргөзмө 28-август күнү саат 10:00дө ачылып, эгемендүүлүктүн 24 жылдыгына арналат.