Ички иштер министрлигинин дарыгери кызматкерлерге салынып жаткан үйгө кезекке туруп, бирок себепсиз тизмеден чыгып калганына нааразы

30-августта КРнын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине Көк-Жар конушунда жаңы салынган үйлөр тапшырылат. Бул күнү 180 кызматкердин үй алары күтүлүүдө. Министрлик үй салып, кызматкерлерге берип жатканы менен, кезекке тургандардын тизмесин түзүүдө кемчиликтер болуп жатканын Дамира Молдокеева билдирди. Дарыгер болуп иштеген Дамира айымдын айтымында, ал 2010-жылдан тарта кезекте турган. Ал 71-катарда турганын, үй аларынан үмүт кылып жатканын айтат.

“Мен эмгек өргүүсүндө жүрсөм, министрликтен чакыртышты. Алар менин мурун мамлекет тарабынан жер тилкесин алганымды, ушул себептүү мага үй берилбесин айтышты. Негизи, комиссия жерге карабашы керек эле, анткени жободо "өзүнө тиешелүү жер болсо, үй ала албайт" деген нерсе жазылган эмес. Мен муктаждыктарымдан улам ал жерди сатып жибергем”,- деди ал.

Дамира Молдокеева президентке кайрылып, өзүнүн ооруп жүргөнүн, бул маселени чечүүгө өлкө башчынын аралашуусун суранды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aku
2015-08-26 14:20:48
Уй берсе уйду да сатып жибер.анан доого урунуп,туура да эчтемеси жокторго берилсин да.
+3
Medina87
2015-08-26 14:26:26
Ынсапсызга кашык берсен беш ууртайт болбо Дамира!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан