130 миңден ашык калкты таза суу менен камсыз кылган “Баш-Кара-Суу” суу топтогучу ишке берилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Шаар мэри Кубанычбек Кулматовдун айтымында, “Баш-Кара-Суу” суу топтогучу эң маанилүү инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп саналат.
“Суу топтогучтун ишке киришинен улам Бишкек шаарынын түштүк-батыш аймагын жана Чүй облусунун 8 айылын суу менен камсыздоо маселеси чечилди. Таза суу бардык талаптарга жооп берет”,- деди Кубанычбек Кулматов.