Бишкекте билим берүү тармагындагы жаңы багыттарды чагылдырган көргөзмө өтүүдө

Бүгүн, 26-августта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында билим берүү тармагындагы кызматкерлердин Республикалык III съездинин алкагында аталган жааттагы жаңы багыттарды чагылдырган көргөзмө өтүүдө. КРнын Билим берүү министрлигинин адиси жана иш-чаранын уюштуруучусу Назгүл Мукашеванын айтымында, анда жаңы типтеги мектептердин, 480 сааттык программа боюнча, мектептен тышкаркы мекемелердин, жогорку жана кесиптик окуу жайлардын бүгүнкү күндөгү иш-аракеттери чагылдырылып, “Биз Улуу Жеңиштин урпактарыбыз” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү коюлган.

480 сааттык программа бала бакчага барбаган наристелерди мектепке чейинки окуу жайга тартууга багытталган. Ошондой эле бүгүнкү көргөзмөгө мектептен тышкаркы окуу жайлардын тарбиялануучуларынын колунан жаралган робот, ракета, кран жана башка техникалардын кичирейтилип жасалган үлгүлөрү коюлган. Мындан тышкары мектептерде бүгүнкү күндө тамак-аштар жаңы жабдыктар менен жасалып жатат, алардын үлгүлөрү да бар. Муну менен катар көргөзмөгө бала бакчалардын жана башка окуу жайлардын архитектуралык долбоорлорун койдук. Экспозиция эртеңкиге чейин уланат”,- деди Мукашева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан