Чолпон-Ата шаарында 2 миңден ашык бөтөлкө алкоголдук продукция алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, салыктык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө соода агентинин унаасынан акциздик маркалар менен идиштин сыйымдуулугу дал келбеген 2 миңден ашык бөтөлкө алкоголдук продукция алынган. Салык төлөөдөн качкан ишкер 0,25 литрлик номиналындагы акциздик маркаларды жарым литрлик сыйымдуулуктагы идиштерге чаптаган.