Бишкекте “Шайлоочулардын тизмесинен өзүңдү текшер” өнөктүгү жүрүүдө

Бишкекте “Шайлоочулардын тизмесинен өзүңдү текшер” өнөктүгү жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өнөктүк 19-сентябрга чейин уланат. Ошол убакка чейин шаар тургундары катталган жеринен шайлоо тилкелерине барып, шайлоо тизмесинен өздөрүн текшерүүлөрү керек.

Учурда Бишкек шаарында 204 шайлоо тилкеси ачылды. Ар бир тилкеде биометрикалык маалыматтарды чогултуунун негизинде шайлоочулардын тизмеси жарыяланган.

Ал эми Бишкек шаарында каттоодо турбаган тургундар үчүн кошумча 39 шайлоо тилкеси ачылган. Бишкекте жашап жаткан, бирок өлкөнүн ар кайсы аймагында катталган жарандар шайлоочулардын тизмесине кошуу үчүн атайын форманы толтуруулары зарыл. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ere
2015-08-26 15:51:06
сайттардан карап билууго мумкун бекен тизмебизди
0
aibo_85
2015-08-26 16:28:17
ere, ооба, мумкун. БШКнын сайтынан текшерсен болот. www.shailoo.gov.kg
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан