50 миң сомго сатылган 2 жаштагы бала энесине кайтарылып берилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр издөөгө алынган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Анара Назаркулованын күйөөсү Даниярбек Мажиновдон 50 миң сомго сатып алган 2 жаштагы баланы Чолпон Малдыбаева өз эрки менен энесине кайтарып берген. Мындан улам Анара Назаркулова тосмо арыз жазып берген. Учурда өз баласын саткан ата боюнча тергөө амалдары уланууда.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айында Токтогул районунун тургуну Анара Назаркулова SUPER.KG порталына кайрылып, 2013-жылы туулган баласын күйөөсүнөн сатып алган аял уулун бербей качып жүргөнүн айткан эле.