Бишкекте 20 боз үй тигилип, “Кыргыз көчү” этнографиялык айылы чагылдырылат

Дүйнө элдеринин эпосторунун III Эл аралык фестивалынын алкагында Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинин алдында 20 боз үй тигилип, “Кыргыз көчү” этнографиялык айылы чагылдырылат. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, этноайылдын аймагында кол өнөрчүлөрдүн эл аралык көргөзмөсү, түндүк көтөрүү жөрөлгөсү жана “Боз үйдү тез тигебиз” иш-чарасы болот. Ошондой эле ал жерде “Кыргыз боз үйү” сынагы да орун алат.

Иш-чара 4-сентябрь күнү саат 09:30 башталып, 17:00дө жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mars55
2015-08-26 23:49:25
боз уй эмес кыргыз уй десек болобу
0
tynkatar03
2015-08-27 14:43:59
Жок тууганым кыргыздар боз уй деп эле айтат. Башка улуттар айтсын кыргыз уй кыргыздар жашаган уй экен деп. Кыргыз уй деген создун торкуну ошолордон келип чыкса керек менимче
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан