Дамира Ниязалиева Чүй облусундагы социалдык объектилердин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери менен таанышты

Кечээ, 26-август күнү вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Чүй облусундагы социалдык объектилердин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, вице-премьер-министр иш сапарынын жүрүшүндө Кайырма айылында болуп, 100 окуучуга ылайыкташкан мектептин курулушу менен таанышты. Анда Дамира Ниязалиева мектептин курулушу сапаттуу жана убагында бүтүшү керек экендигин эскертти.

Мектептин курулушун 1-сентябрга карата бүтүрүү пландалууда.

Ошондой эле вице-премьер-министр Сайлык айылындагы спорттук комплекстин курулушун жана Ысык-Ата аймактык ооруканасын оңдоп-түзөө иштерин да көрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан