Биз социалдык тармакта

Чемпиондор Лигасына катыша турган 32 команда белгилүү болду, арасында казакстандык клуб да бар

27-августка караган түнү ири футболдук беттеш - УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тандоо туру толугу менен аяктады. Бул күнү мелдешке катыша турган 32 команда белгилүү болуп, командалар чүчү кулак ташталуусун күтүшүүдө. Кошумчалай кетсек, чүчү кулак бүгүн 20:45те (Бишкек сааты) орун алат. Анда 32 команда төрт-төрттөн 8 тайпага бөлүштүрүлөт. Бул баскычтагы башкы окуя казакстандык клуб “Астананын” Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында ойноо укугун алганы болду. Казак футболчулары тандоо турунда Кипрдин “Апоэл” командасын утушту (жалпы эсеп 2:1).

Чүчү кулактын ыңгайы үчүн 32 команда 4 себетке (корзина) бөлүштүрүлдү:

1-себет: “Барселона” (Испания), “Челси” (Англия), “Бавария” (Германия), “Ювентус” (Италия), “Бенфика” (Португалия), ПСЖ (Франция), “Зенит” (Орусия), ПСВ (Голландия).

2-себет: “Реал” (Испания), “Атлетико” (Испания), “Порту” (Португалия), “Арсенал” (Англия), “Манчестер Юнайтед” (Англия), “Валенсия” (Испания), “Байер” (Германия), “Манчестер Сити” (Англия).

3-себет: “Шахтёр” (Украина), “Севилья” (Испания), “Лион” (Франция), “Динамо” (Украина), “Олимпиакос” (Греция), ЦСКА (Орусия), “Галатасарай” (Түркия), “Рома” (Италия).

4-себет: БАТЭ (Беларусь), “Боруссия” (М, Германия), “Вольфсбург” (Германия), “Динамо” (Хорватия), “Маккаби” (Израиль), “Гент” (Бельгия), “Мальме” (Швеция), “Астана” (Казакстан).

Кошумчалай кетсек, тайпалык баскычта 1 команда калган 3 команда менен экиден оюн (үйдө-конокто системи боюнча) өткөрөт. Тайпалык баскычтагы алгачкы беттештер 15-16-сентябрга пландалса, акыркы беттештер 8-9-декабрда болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Adi.Avazbekov
2015-08-27 10:17:21
BiZdin komandalar kachan katywat eken a
-2
bazarkyl
2015-08-27 10:20:15
Астана командасына чын-чынында ийгилик! керек болот тайпада.
0
arda
2015-08-27 10:22:29
Булар эвропа командалары биздикилер катыша албайт. Биздикилер азия чемпиондор лигасыга катышуусу мумкун.
+1
uran98
2015-08-27 10:24:29
nege real 1 karzinaga tushpodu
+1
zaman2
2015-08-27 11:32:50
uran98,antkeni real ispania ligasynda 2 oorundu eelep kalgany u4un 2korzinaga tuwtu! 1 korzinaga tolko ar bir mamlekettin chempiondoru ele tuwot!
0
ulik-89
2015-08-27 16:33:40
uran98, биринчи корзинада жалан оз олколорунун чемпиондору
0
Tata_Tabaldiev
2015-08-27 10:35:57
Цска Украиналык командаларга тушпойт экен. Зенит тушуп калса Орусия менен Украинанын фанаттары кырылышат го
0
ulik-89
2015-08-27 16:35:29
Tata_Tabaldiev, уефа тыю салган эки олконун командалары бири бири менен ойной алышпайт
0
zaman2
2015-08-27 11:31:20
kazaktar molodcy
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан