Бүгүн, 27-августта маалымат жыйынында Бишкек ШИИББинин башчысы
Кашкар Жунушалиев 31-августта "Ала-Тоо" аянтында өтчү концертке кичинекей балдарды алып келбөөгө чакырды.
Анын айтымында, орусиялык ырчылар Николай Басков, Жасмин жана Филипп Киркоров Бишкекте концерт коюшканда бир канча жаш бала калың топтун ичинде жоголуп кеткен учурлар болгон. "Ошол күнү 20 чакты баланы ата-энелери келгенге чейин милиция бөлүмүндө кармап турганбыз. Ошондуктан жаш балдарды 31-августта өтчү концертке алып келбеген эле туура",- деди Жунушалиев.
"29-31-август күндөрү бишкектик милициянын толук курамы кызмат кылат. Келерки концертте 4 миң милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Иш-чарага келгендер текшерүүдөн өтүшөт",- деп кошумчалады Бишкек ШИИББинин башчысы.
Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 24 жылдыгына карата Бишкекке белгилүү ырчылар Григорий Лепс, Дима Билан, Вера Брежнева жана "Ottawan" музыкалык тобу келет.