Бишкекте Эгемендүүлүк күнү бир катар көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 31-август күнү Чүй кең көчөсү жана Киев көчөсү Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин, ал эми Фрунзе көчөсү Тыныстанов көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейин саат 08:00-24:00 аралыгында жабык болот. Ошондой эле Токтогул көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейин, Исанов көчөсү Токтогул көчөсүнөн Жибек-Жолуна чейин, Жибек-Жолу көчөсү Исанов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин, Абдрахманов көчөсү Жибек-Жолунан Токтогул көчөсүнө чейин жабылышы мүмкүн. Ошондой эле "Аккула" ат майданындагы иш-чараларга байланыштуу төмөнкү көчөлөр жабылат:
* Термечиков көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгү;
* Алыбаев, Захарьев, Аммосов, Саратов, Виноградная көчөлөрү жана ат майданына кирчү жол унаа үчүн жабык болот.