Бишкек шаарына 5 миңден ашык таштанды таштоочу контейнерлер алынып келинет

Бишкек шаарына 5 миңден ашык таштанды таштоочу контейнерлер алынып келинет. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин таштанды таштоочу контейнерлерди алуу боюнча тендер өткөн. Анда “Азияавтоцентр” жана “РГ-техно” ишканалары жеңүүчү аталган. Кечээ, 26-августта Бишкек шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын директорунун орун басары Аскар Исаков эки ишкананын жетекчилери менен таштанды таштоочу контейнерлерди алып келүү келишимине кол койгон. Келишимге ылайык, 1,1 куб метр өлчөмүндөгү 5326 контейнер, 15 чечилме контейнер жана 300 желим бак 6 айдын аралыгында алынып келинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bek94
2015-08-27 12:43:39
Эң жакшы тазалык
0
altunai.79
2015-08-27 12:49:27
Жок дегенде таштанды таштоочу контейнерди озубуз жасай албайбызбы сырттан сатып албай
0
Mars55
2015-08-27 13:30:57
Кытайдын балдары кол эмгектен жасап койсо керек мындайларды
0
Arti
2015-08-27 13:56:05
Алынып келингени жакшы. Бирок ошолордун ичи да тура берип сасып, чирип жок болот. Баардык нерсе таза, жакшы караса копко жетет. Азыркы мэр иштебей жатат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан