"Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктар көрүлүп, биринчи жолу 150 тонналык конструкция коюлууда (фоторепортаж)

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктар көрүлүп, биринчи жолу 150 тонналык конструкция коюлууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта SUPER.KG порталына Бишкек мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Нурбек Курманбеков билдирди. Анын айтымында, 31-августта өтө турган салтанаттуу концертке даярдыкты орусиялык ишкана көрүүдө.

Белгилүү болгондой, президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу жана “Газпром Кыргызстан” компаниясынын каржылоосу менен Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекке Григорий Лепс, Дима Билан, Вера Брежнева жана "Ottawan" диско-дуэти келет. Майрамдык концерттин сахнасын жасалгалоо орусиялык компанияга жүктөлгөн. Алар болсо буга чейин "Ала-Тоо" аянтында коюлбаган конструкцияны орнотушууда. Жумуштар 23-августта башталган, 30-августта бүтөт. Темир кострукциянын ортосуна кыргыз герби илинет, эскиз долбоору атайын Эгемендүүлүк күнүнө ылайыкташтырылып түзүлдү”,- деди Курманбеков.

Муну менен катар учурда эски аянтта Эгемендүүлүк күнүнө арналган театрлаштырылган, ыр, бий жана оюн-зоок программасынын даярдыктары көрүлүүдө. Белгилүү болгондой, "Ала-Тоо" аянтында 31-августта эртең мененки майрамдык программага 1500 адам катышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
sirgak_92
2015-08-27 14:34:05
Орустар кылбаса бишкетин меринин колунан келмек эмес суйунуп койдук эле кыргыздар ушуну кылып атабыыыы деп
0
kanykey125
2015-08-27 14:50:06
Jakwy
0
afonia8282
2015-08-27 15:09:44
Кандай болсо дагы..,катуу даярдык болуп жатыптыр...баардыгыныздарды келе жаткан майрамыныздар менен чын журоктон куттуктайм,,!!алга кыргызым!!
+2
BRILIANTTKA
2015-08-27 15:13:51
Кандай соонун,Кыргызстаным өнүгүп,өсө бер...
Жакты кабар)))
+1
Meerima.Majitova
2015-08-27 15:19:35
Охооо сонунго я,барып кормокмун ,Бишкекте болгондо ,баарынарды келе жаткан майрамынар менен куттуктайым!мамлекетибиз осуп онуго берсин ,элибизге ыйман нысап ден соолук берсин жаратканым,!
+4
munara.11.
2015-08-27 15:21:06
эн соонун...кыргыз эстрадасынанда абройлуу жандуу ырдай турган ырчыларды чакырышса жакшы болмок ээ...
+2
Danel
2015-08-27 15:42:50
Дима Билан привеи Бишкееек дегенде, жарып ийе турган калонкаларды койуптурго чиркин.
+2
bermet104
2015-08-27 18:31:43
Кыргыздар койсо элге жакпай калат же уят кылып кулап калат
-2
bermet104
2015-08-27 18:31:43
Кыргыздар койсо элге жакпай калат же уят кылып кулап калат
-2
Adi.Avazbekov
2015-08-28 10:43:42
Flagty koiso soonun bolso kkle
0
nelya88
2015-08-28 18:14:38
Эн сонун!
0
ussr7
2015-08-28 21:31:25
Жакшы, бирок Аянт кичине, тар эл батпай тыгын болот го
+1
kanat.ozgorush
2015-08-28 23:53:29
Мошный болуп калыптырго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан