Учурда Таиланддын Бангкок шаарында бокс боюнча Азия чемпиондугу өтүп жатат. Бул мелдеште мамлекетибиздин намысын 10 мушкер коргоо алдында турат. Эл аралык бокс сүйүүчүлөр федерациясы маалымдагандай, мушкерлерибиз 10 салмакта күчтөрүн сынашат.
Курамга Рахманкул Аватов (49 килограмм салмакта), Азат Усеналиев (52 кг), Өмүрбек Малабеков (56 кг), Акжол Сулайманбек уулу (60 кг), Эрмек Сакенов (64 кг), Эркин Болотбек уулу (69 кг), Азамат Каныбек уулу (75 кг), Эркин Адылбек уулу (81 кг), Чыңгыз Борбашев (91 кг), Сергей Паренко (91 килограммдан жогорку салмак) сыяктуу мушкерлер киришкен.