Оксана Малеванаяга карата жазык иши боюнча сот процесси кийинкиге калтырылды

Оксана Малеванаяга карата жазык иши боюнча сот процесси кийинкиге калтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Оксана Малеванаянын иши каралмак, бирок жактоочусу аны коргоодон баш тартты. Ал эми сот Юстиция министрлигине жактоочу берүү тууралуу кат жазат. Мындан улам Кыргыз Республикасынын Президентинин катчылыгынын мурдагы башчысы Оксана Малеванаяга карата жазык иши боюнча сот процесси 6-октябрга калтырылды.

Эске салсак, тергөө органдары тарабынан ал 166-берене (алдамчылык) жана 211-берене (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) менен айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан