Бүгүн, 27-августта кыргыздын улуттук кино өнөрүн дүйнөлүк аренага тааныткан белгилүү кинооператор, кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Кадыржан Кыдыралиев көз жумду.
Ал 1936-жылы 1-апрелде Жайыл районундагы Тельман айылында жарык дүйнөгө келген. Бишкектеги №5-кыргыз орто мектебин бүтүп, чыгармачылык жолун 1954-жылы “Кыргызфильм” студиясында оператордун ассистенти болуудан баштаган. 1956-1961-жылдары Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун оператордук бөлүмүнөн окуп, профессор А.В.Гальперинден сабак алган. Белгилүү режиссёр Т. Океев менен чыгармачылык тыгыз байланышта болуп, “Бакайдын жайыты”, “Отко таазим” ("Уркуя"), “Мен - Тянь-Шань”, “Көксерек”, “Улан”, “Алтын күз” деген фильмдерди тарткан. Бул тартылган фильмдер көп улуттуу советтик киноискусствосунун алтын казынасына кирген.
Киного кошкон салымы үчүн Кыргызстан Ленин Комсомолу сыйлыгынын лауреаты, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болуп, грамоталар, "СССРдин Кинематографиясынын отличниги" төш белгиси жана Ардак белгиси ордени, "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн" медалы менен сыйланган.