Жалал-Абадда шаардын 2013-2017-жылдарга карата инвестициялык долбоорлору талкууланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы 27-августта билдирди.
Анда мэриянын бөлүмдөрү жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери тарабынан 2013-2017-жылдарга өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу үчүн шаардын реалдык секторун мындан ары өнүктүрүү максатында чет элдик инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу каралган. Тартылган инвестициялардын көлөмүн жогорулатуу боюнча коюлган милдеттерди аткарууда бир топ белгилүү иш-аракеттерди ишке ашырууда стратегиялык өнүгүү программасында жалпысынан 145 долбоор болсо, анын ичинен 126 долбоордун ар түрдүү акча каражат булактарынын эсебинен аткарылышы пландаштырылган. 126 долбоорду аткаруу үчүн 3 миллиард 67 миллион сом ички жана тышкы инвестицияларды тартуу зарыл экени отурумдун жүрүшүндө белгилүү болду.
"2015-жылдын 7 айында жогоруда белгиленген инвестициялык долбоорлордун 66сы аткарылды, же болбосо 647,9 миллион сом өздөштүрүлдү. Бирок тартылган инвестициялардын сапатын жогорулатуу, өндүрүштүн чыгымдарын азайтуу, инновациялык технологияларды көбөйтүү, башкаруунун сапатын жакшыртуу сыяктуу факторлорду жана өндүрүш аянттарында ички жана эл аралык базарда атаандаштыкка жарамдуу кеңири керектелүүчү товарларды, тиричилик муктаждыгына эң зарыл болгон буюм-заттарды иштеп чыгарууну жолго салууга жетиштүү деңгээлде көңүл бурбай келе жатышат”,- деди мэриянын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров.