Ош шаарындагы Баку көчөсүндө балдар аянтчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аянтчанын ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.
“Бул жерде көп улуттун өкүлдөрү жашайт. Балдар аянтчасы келечек муундар үчүн эле эмес, ар улуттун өкүлдөрү чогуу бир жерге отуруп баарлашуучу жай болуп калат. Ошондуктан бул жерди "Достук аянтчасы" десек туура болот”,- деди А.Кадырбаев.
Аянтчаны куруу үчүн жалпысынан 663 миң сом каражат жумшалган. Анын 630 миң сому АРИС тарабынан, 33 миң сому мэрия тарабынан каржыланган.