Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан ажылык сапарына бара турган зыяратчылардын алгачкы тобу жөнөп кетти

Бүгүн, 27-августта "Манас" Эл аралык аэропортунан Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан ажылык сапарына баруучу 200 зыяратчы Медина шаарына учуп кетти. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 
Бишкек шаарынан уча турган зыяратчыларды узатууга муфтий Максатбек ажы Токтомушев, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Орозбек Молдалиев, Сауд Арабиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума, Сауд Арабия мамлекетинин консулу Султан Насыр Аль-Утей жана зыяратчылардын жакындары келишти.
Эскерте кетсек, быйыл кыргыз өлкөсүнө Сауд Арабиясы 3685 квота бөлүп берген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
hairullo
2015-08-27 17:45:38
Аллах ырапзы болсун
0
jorobek.kg
2015-08-27 18:23:20
Аллах кабыл кылсын омин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан